Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-февралы № 119-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаары, Анкара көчөсү, 42 дарегиндеги, идентификациялык коду 10421000361853, аянты 0,68065 га жер тилкесинде жайгашкан бүтпөгөн курулушту эсептен чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтпөгөн курулушту "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында кийин турак жай куруу үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен бузууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |