Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 72/10-29
Сын-Таш Таза аймак” муниципалдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон тарифтери жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын тургундарына коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана аймактын санитардык абалын иретке келтирүү максатында, ошондой эле "Сын-Таш Таза аймак" муниципалдык ишканасынын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Сын-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. "Сын-Таш Таза аймак" муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-Тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн, Сын-Таш айыл аймагынын ар бир тургуну айына 35 (отуз беш) сом;
-Таза суу менен камсыздоо үчүн Сын-Таш айыл аймагынын ар бир тургуну айына 35 (отуз беш) сом;
2. "Сын-Таш Таза аймак" муниципалдык ишканасынын жетекчисине:
-Төлөмдөрдү өз убагында жана толук жыйноону уюштурсун;
-Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу жана техникалык абалды көзөмөлдөө тапшырылсын.
3. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысына бул токтомду тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөрүү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Бул тарифтер токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |