Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралындагы № 74/10-29
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш планын бекитүү жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д. Асановдун 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш планы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарын камсыз кылуу жана аймакты туруктуу өнүктүрүү максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Сын-Таш айылдык Кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Д. Асанов бекитилген иш пландагы иш-чаралардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылсын;
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.
Сын-Таш айыл кеңешинин төрагасы: |
| М.Ш.Кучкачев |