Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-февралы № 33
Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен, Майлуу-Суу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 2 Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 3 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 5 Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 4 Баткен облусунун Кадамжай районунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши боюнча;
2) Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 1 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 2 Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 4 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 5 Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 1 Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 4 Баткен облусунун Кадамжай районунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-февралындагы № 1 Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен, Майлуу-Суу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Нарын, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Сүлүктү, Ноокен, Майлуу-Суу жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А.Конуровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 33 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
1 | Нарын АШК, № 2, 17.02.2026-ж. (06.02.2026-ж. өз арызы) | Учкун айылдык кеңеши (№ 2 Учкун шайлоо округу | Орозкожо уулу Акай |
2 | Нарын АШК, № 2, 17.02.2026-ж. (03.02.2026-ж. өз арызы) | Учкун айылдык кеңеши (№ 3 Сары-Ой шайлоо округу | Арызтанбек уулу Ислам |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
3 | Кара-Кулжа АШК, № 3, 17.02.2026-ж. (16.02.2026-ж. өз арызы) | Кара-Кочкор айылдык кеңеши (№ 5 Сары-Булак шайлоо округу) | Кулетова Назира Асылбековна |
Кара-Суу району | |||
4 | Кара-Суу АШК, № 5, 19.02.2026-ж. (18.02.2026-ж. өз арызы) | Манас айылдык кеңеши (№ 3 Тажик-Абад шайлоо округу) | Давранова Рабия Туланбаевна |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
5 | Сүлүктү АШК, № 4, 17.02.2026-ж. (02.02.2026-ж. өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | Сапарбаев Камчыбек Мурзакасымович (2) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
6 | Ноокен АШК, № 1, 16.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши (№ 2 Жаңы-Арык - Ак Бата шайлоо округу) | Сагындыков Азизбек Калмурзаевич |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
7 | Жайыл АШК, № 1, 19.02.2026-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KG05 0005249 күбөлүгү, Жайыл райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 12.01.2026-ж. берилген) | Жайыл айылдык кеңеши (№ 2 Алексеевка шайлоо округу) | Алымбеков Ренат Шаршенбекович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 33 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
1 | Нарын АШК, № 2, 17.02.2026-ж. | Учкун айылдык кеңеши (№ 2 Учкун шайлоо округу | Мустапаев Талантбек Сталович | Ч.Кожомжаров атындагы айылдык клубунун башчысы |
2 | Нарын АШК, № 2, 17.02.2026-ж. | Учкун айылдык кеңеши (№ 3 Сары-Ой шайлоо округу | Султанов Жергазар | Пенсионер |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
3 | Кара-Кулжа АШК, № 4, 17.02.2026-ж. | Кара-Кочкор шайлоо округу (№ 5 Сары-Булак шайлоо округу) | Молдобаева Светакан Рыскуловна | Кара-Кулжа райондук М.Жунусов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунда мээрбан |
Кара-Суу району | ||||
4 | Кара-Суу АШК, № 5, 19.02.2026-ж. | Манас айылдык кеңеши (№ 3 Тажик-Абад шайлоо округу) | Алимова Мавлуда Номановна | Убактылуу иштебейт |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
5 | Сүлүктү АШК, № 4, 17.02.2026-ж. | Сүлүктү шаардык кеңеши | Исманов Абдувахап Джалилович (4) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | Н.Кушматов атындагы № 9 жалпы билим берүү мектебинин директору |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
6 | Ноокен АШК, № 1, 16.02.2026-ж. | Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши (№ 2 Жаңы-Арык - Ак Бата шайлоо округу) | Анияров Талантбек Орозбекович | Убактылуу иштебейт |
Майлуу-Суу шаары | ||||
7 | Майлуу-Суу АШК, № 1, 17.02.2026-ж. | Майлуу-Суу шаардык кеңеши | Балтабаев Бактияр Алтымышевич (16) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
8 | Жайыл АШК, № 1, 19.02.2026-ж. | Жайыл айылдык кеңеши (№ 2 Алексеевка шайлоо округу) | Ахматов Бактыбек Керимбекович | "Жайыл таза аймак" муниципалдык ишканада инженер |