Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-марты № 34
Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө төмөнкү чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-февралындагы № 1 Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 5 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 16-февралындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 3 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 3, 4 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 3 Нарын облусунун Нарын районунун Э.Дайракунов айылдык кеңеши боюнча;
2) Катталган талапкерди жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 4 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 6 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча;
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-февралындагы № 1 Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
- Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 3 Ысык-Көл облусунун Түп районунун Балбай айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 3 Нарын облусунун Нарын районунун Э.Дайракунов айылдык кеңеши боюнча.
4) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 6 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 26-февралындагы № 4 Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 4 Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча;
- Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 24-февралындагы № 5, 6 Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Ноокен, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Кара-Балта жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын бош мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Араван, Өзгөн, Токтогул, Аксы, Түп, Кара-Балта, Панфилов жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А.Конуровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 4-мартындагы № 34 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Ош облусу | |||
Араван району | |||
1 | Араван АШК, № 1, 20.02.2026-ж. (18.02.2026-ж. өз арызы) | Төө-Моюн айылдык кеңеши (№ 4 Керкидан шайлоо округу) | Газиев Данияр Назиралиевич |
Өзгөн району | |||
2 | Өзгөн АШК, № 5, 23.02.2026-ж. (18.02.2026-ж. өз арызы) | Өзгөн шаардык кеңеши | Абдукаимова Маргубахон Махаматкабыловна (9) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
3 | Токтогул АШК, № 4, 26.02.2026-ж. (25.02.2026-ж. өз арызы) | Токтогул шаардык кеңеши | Райымбеков Улан Кимсанович (1) "Энергетик" депутаттык фракциясы |
Аксы району | |||
4 | Аксы АШК, № 2, 19.02.2026-ж. (11.02.2026-ж. өз арызы) | Үч-Коргон айылдык кеңеши (№ 5 Жар-Башы шайлоо округу) | Дөөлөтбекова Чолпон Султанбековна |
Ноокен району | |||
5 | Ноокен АШК, № 2, 16.02.2026-ж. (15.02.2026-ж. өз арызы) | Э.Алиев айылдык кеңеши (№ 4 Аримжан шайлоо округу) | Карабекова Айгүл Асановна |
Ысык-Көл облусу | |||
Түп району | |||
6 | Түп АШК, № 3, 23.02.2026-ж. (12.02.2026-ж. өз арызы) | Балбай айылдык кеңеши (№ 7 Балбай шайлоо округу) | Сейдакматов Саламат Маратович |
7 | Түп АШК, № 3, 23.02.2026-ж. (09.02.2026-ж. өз арызы) | Балбай айылдык кеңеши (№ 6 Күрмөнтү шайлоо округу) | Асанбеков Аскер Кадырович |
Чүй облусу | |||
Кара-Балта шаары | |||
8 | Кара-Балта АШК, № 3, 24.02.2026-ж. (12.02.2026-ж. өз арызы) | Кара-Балта шаардык кеңеши | Шаршенов Бекжан Сталбекович (4) "Эл биримдиги" депутаттык фракциясы |
Панфилов району | |||
9 | Панфилов АШК, № 3, 24.02.2026-ж. (19.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Исаева Алина Романовна (3) "Ишеним" депутаттык фракциясы |
10 | Панфилов АШК, № 4, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Наркулова Зарема Эркинбековна (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
11 | Панфилов АШК, № 4, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Джунушбаев Талантбек Ормонбекович (4) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
12 | Панфилов АШК, № 4, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Садыков Самарбек Турдуевич (7) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
Нарын облусу | |||
Нарын району | |||
13 | Нарын АШК, № 3, 26.02.2026-ж. (19.02.2026-ж. өз арызы) | Э.Дайракунов айылдык кеңеши (№ 3 Жалгыз-Терек шайлоо округу) | Дүйшөбаев Нурбек Жусупович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 4-мартындагы № 34 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Кара-Балта шаары | |||
1 | Кара-Балта АШК, № 4, 24.02.2026-ж. (22.02.2026-ж. өз арызы) | Кара-Балта шаардык кеңеши | Абдыкеримова Аида Бейшенбековна (6) "Эл биримдиги" саясий партиясы |
Панфилов району | |||
2 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Мирнова Ирина Юрьевна (8) "Ынтымак" саясий партиясы |
3 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Сулайманова Джамила Шаршеновна (9) "Ынтымак" саясий партиясы |
4 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. (13.02.2026-ж. өз арызы) | Кайыңды шаардык кеңеши | Абдыкулова Нурила Темиркановна (11) "Ынтымак" саясий партиясы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 4-мартындагы № 34 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
1 | Араван АШК, № 1, 20.02.2026-ж. | Төө-Моюн айылдык кеңеши (№ 4 Керкидан шайлоо округу) | Батиров Зайирбек Тоирович | "Молдо Зайир" дыйкан чарбасынын башчысы |
Өзгөн району | ||||
2 | Өзгөн АШК, № 5, 23.02.2026-ж. | Өзгөн шаардык кеңеши | Ураимова Гульнара Махмуджановна (21) "Ынтымак" саясий партиясы | Өзгөн шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медайым |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
3 | Токтогул АШК, № 4, 26.02.2026-ж. | Токтогул шаардык кеңеши | Белеков Барман Самидинович (4) "Энергетик" саясий партиясы | Жеке ишкер |
Аксы району | ||||
4 | Аксы АШК, № 2, 19.02.2026-ж. | Үч-Коргон айылдык кеңеши (№ 5 Жар-Башы шайлоо округу) | Тургуналиев Али Тургуналиевич | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Көл облусу | ||||
Түп району | ||||
5 | Түп АШК, № 3, 23.02.2026-ж. | Балбай айылдык кеңеши (№ 7 Балбай шайлоо округу) | Букуева Роза | Пенсионер |
6 | Түп АШК, № 3, 23.02.2026-ж. | Балбай айылдык кеңеши (№ 6 Күрмөнтү шайлоо округу) | Жанузаков Бактияр Кенешпекович | Убактылуу иштебейт |
Чүй облусу | ||||
Кара-Балта шаары | ||||
7 | Кара-Балта АШК, № 4, 24.02.2026-ж. | Кара-Балта шаардык кеңеши | Айдакеев Адилет Эсенгелович (7) "Эл биримдиги" саясий партиясы | "Түндүк электр" ишканасында инспектор |
Панфилов району | ||||
8 | Панфилов АШК, № 5, 24.02.2026-ж. | Кайыңды шаардык кеңеши | Мамбеталиева Салтанат Турдушевна (6) "Ишеним" саясий партиясы | Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды № 3 жалпы билим берүү мектебинде мугалим |
9 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. | Кайыңды шаардык кеңеши | Турдугожоева Залина Апсеитовна (12) "Ынтымак" саясий партиясы | Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу М.Тилекеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалим |
10 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. | Кайыңды шаардык кеңеши | Атабаев Нурмухамед Адилбекович (13) "Ынтымак" саясий партиясы | Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу К.Сулайманов атындагы Кайыңды № 2 жалпы билим берүү мектебинде мугалим |
11 | Панфилов АШК, № 6, 24.02.2026-ж. | Кайыңды шаардык кеңеши | Каримбердиев Исабек Муйитдинович (16) "Ынтымак" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
Нарын облусу | ||||
Нарын району | ||||
12 | Нарын АШК, № 3, 26.02.2026-ж. | Э.Дайракунов айылдык кеңеши (№ 3 Жалгыз-Терек шайлоо округу) | Сүйүнбаев Жолдубай Ускенович | Пенсионер |