Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 16-мартындагы № № 1-д
Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 20- беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 6- пунктунун 7-пунктчасын, жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелери ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробациялык жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгы ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти ушул Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу, эрежелерин колдонуу боюнча пробациянын аймактык органдарынын ишин уюштурсун жана координацияласын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин биринчи орун басары А.Зарылбек уулуна жүктөлсүн.
Министр |
| А. Б. Баетов |