Редакцияот 19.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши

 

VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2026-жылдын 4-февралы  №156                                                                

 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак айылынын Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин түндүк тарабындагы коду № 133 жер аянтынын ичинен 0,20 га жер тилкесине Маданият үйүн салууга макулдук берүү жѳнүндѳ

 

 

             Ак-Терек айыл  аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак айылынын Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин түндүк тарабындагы контур коду № 133 жер аянтынын ичинен 0,20 га жер тилкесин Маданият үйүн салуу үчүн макулдук берүү боюнча Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу  угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1.    Ак-Терек айыл аймагына караштуу Бар-Булак айылынын Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин түндүк тарабындагы контур коду № 133 жер аянтынын ичинен 0,20 га жер тилкесин Маданият үйүн салуу үчүн каралсын, макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   ѳкмѳтүнүн   башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                          А.А. Мамбетов