Редакцияот 19.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши

 

VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2026-жыл 4-февралы  №157                                                                 

 

 

Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолун куруу үчүн 57+300 чакырымындагы                24 га жерге убактылуу өндүрүш базасын куруп АБЗ, ДСУ, БСУ орнотууга жер участогун колдонууга келишимдин негизинде макулдук берүү жѳнүндѳ

 

 

             Ак-Терек айыл  аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын кайрылуусунун негизинде, Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолун куруу үчүн 57+300 чакырымындагы 24 га жерге убактылуу өндүрүш базасын куруп АБЗ, ДСУ, БСУ орнотууга жер участогун колдонууга келишимдин негизинде макулдук берүү боюнча Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын корутундусу  угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1.    Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон авто жолун куруу үчүн 57+300 чакырымындагы 24 га жерге убактылуу өндүрүш базасын куруп АБЗ, ДСУ, БСУ орнотууга жер участогун колдонууга келишимдин негизинде макулдук берилсин.

 

1.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   ѳкмѳтүнүн   башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары                               А.А. Мамбетов