Редакцияот 19.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши

 

VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2026-жылдын 4-февралы  №161                                                                

 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо, Кызыл-Туу, Бар-Булак, Дөң-Талаа, Ала-Баш, Комсомол, Көл-Төр, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак айылдарына тиешелүү болгон муниципалдык менчиктеги 1-2 ирээттеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды Тоӊ райондук суу чарба башкармалыгынын балансына ѳткѳрүү жѳнүндѳ

 

 

             Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын 21.01.2026-ж №03-06/176 катынын негизинде,Ак-Терек айыл  аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнанын билдирүүсүнүн негизинде, угулуп жана талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышындагы XI  кезектегисессиясы токтом кылат:   

 

1.     Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо, Кызыл-Туу, Бар-Булак, Дөң-Талаа, Ала-Баш, Комсомол, Көл-Төр, Коңур-Өлөң, Тогуз-Булак айылдарына тиешелүү болгон муниципалдык менчиктеги 1-2 ирээттеги ички чарбалык ирригациялык каналдарды Тоӊ райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   ѳкмѳтүнүн   башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Тиленбаева Уулкелди Кытайбаевнага милдеттендирилсин.

 

1.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Д. Дастановго тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төраганын орун басары                               А.А. Мамбетов