Редакцияот 19.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши

 

VIII чакырылышынын XI кезектеги сессиясы

 

Т О К Т О М

 

 

2026-жылдын 4-февралы  №165                                                                

 

 

Ак-Терек айыл аймагындагы зыянкечтерди зыянсыздаттыруу максатында, карышкыр аткан мергенчиге, аӊчыга 5000 сом сый акысы, чѳѳ аткандарга 2000 сом сый акыларын берүү жѳнүндѳ

 

         Ак-Терек айыл  аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сунушунун жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Н.Эркинбековтун билдирүүсүнүн негизинде угулуп жана талкууланып, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:

 

1.     Ак-Терек айыл аймагында зыянкечтерди зыянсыздаттыруу максатында, карышкыр аткан мергенчиге, аӊчыга 5000 сом сый акысы, чѳѳ аткандарга 2000 сом сый акысы  берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагынын Ак-Эмгек-Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д.Содонбековго жана “Ак-Эмгек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайытынын адиси Б.Талиповго милдеттендирилсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                   А.А. Мамбетов