Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 4-сессиялык отурум
2025-жылдын 24-марты № 17
Жайыл айыл аймагынын Жайыл айыл өкмөтүнүн Жайыл айылынын маалыматтык-жарнак курулмаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшүнө талаптарды бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы маалыматтык, жарнак курулмаларын жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун типтүү эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшүнө талаптарды бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 20-декабрындагы № 388/1 буйругунун негизинде Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагынын, Жайыл айыл өкмөтүнүн Жайыл айылында маалыматтык-жарнак курулмаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын жана курулуштардын фасадынын сырткы көрүнүшүнө талаптар бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аппараты жана менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-уюмдар «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы маалыматтык, жарнак курулмаларын жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун типтүү эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды» эске алып, жетекчиликке алышсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |