Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-февралы № 60
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айыл чарбаны өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлеринин субъекттеринин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгуусу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея - Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Корея Республикасынын тажрыйбасын колдонуу менен инновациялык чечимдерди жана алдынкы агротехнологияларды киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү;";
3) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы Кластерди түзүү үчүн белгиленген тартипте:
- Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жер тилкелерин которууну (трансформациялоону) камсыз кылсын;
- бөлүнгөн жер тилкелеринде айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана айыл чарба багытындагы жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды өндүрүү боюнча өндүрүштүк аянтчаларды, ошондой эле зарыл өндүрүштүк инфраструктураны (электр, канализация, суу, жолдор, кирүүчү жолдор) түзүүгө көмөк көрсөтсүн.";
4) 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кластерге Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 350 га болгон жер тилкелерин берсин.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |