Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 18-марты № 180-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогоруда аталган Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын “18” мартындагы № 180-т тескемеси менен жактырылган
|
2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу
2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколу (мындан ары – Протокол) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Протокол ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашылган.
Протокол аскердик багыттагы продукцияны берүүгө контракттык документтерин даярдоо боюнча мөөнөттөрдү кыскартууга, ошондой эле запастык бөлүктөрдү, агрегаттарды, түйүндөрдү, приборлорду, комплекттөөчү буюмдарды, атайын, окуу жана көмөкчү мүлктөрдү жана аскердик багыттагы продукцияга техникалык документтерди берүүнү максималдуу жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Протокол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоо үчүн киргизилет.
Протоколду ратификациялоонун жыйынтыгы боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын алкагында ишке ашырылат, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.