Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 4-сессиялык отурум
2025-жылдын 24-марты № 15
2025-2030 –жылдарга карата Жайыл айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Жайыл Таза Аймак” Муниципалдык ишканасынын мүдүрү- Б.Баймонкоевдин маалыматын угуп, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыл айыл аймагынын Типтүү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2025-жылга карата планы 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жайыл айыл аймагынын Типтүү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планы 2025-2030 жылдарга карата 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Жайыл айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын жана
каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |