Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 4-сессиялык отурум
2025-жылдын 24-марты № 14
Ишкердик кылуу үчүн арналган имараттардын менчик ээлери - жеке жана юридикалык жактар үчүн таштандыларды жыйноо жана чыгаруу нормасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер боюнча Салык кодексининин 75,76 беренелерине ылайык Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке жана юридикалык жактар үчүн таштандыларды жыйноо жана чыгаруу, ишкердик кылуу үчүн арналган имараттардын менчик ээлерине 100 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Бул токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |