Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын “16” марты № 1-Д буйругуна тиркеме |
Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу
ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, аларда болуу жана алардын чыгарып салуу тартибин (мындан ары - Эрежелер) жөнгө салган, Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер пробациянын кардарларына, пробация органдарынын кызматкерлерине жана реабилитациялоо борборлорунун (социалдык жатаканалардын) жумушчуларына жайылтылат.
3. Оор турмуштук кырдаалга кабылган пробациянын кардарларын социалдык адаптациялоо үчүн шарттарды түзүү Эрежелердин максаты болуп саналат.
4. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) пробация органы - коомдон обочолонтуу жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жазык жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен, ошондой эле укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) пробациянын кардары – соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары белгиленген, ошондой эле коомдук иштер түрүндө жаза чарасына тартылган адам;
3) реабилитациялоо борборлору (социалдык жатаканалар) (мындан ары – Борборлор) – жоготулган социалдык, психологиялык, медициналык жана эмгектенүү көндүмдөрүн калыбына келтирүүгө муктаж адамдарга комплекстүү жардам берүүчү, ошондой эле жеке социалдык адаптациялоо жана кайра социалдаштыруу программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрүүчү адистештирилген уюм (мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчик);
4) ички тартип эрежелери – пробациянын кардарлары менен жумушчулардын Борбордо болуу, жүрүм-турум жана өз ара аракеттешүү тартибин белгилеген, коопсуздукту жана Борбордун талаптагыдай иштешин камсыздоого багытталган Борбордун ички документи;
5) убактылуу жашап туруу – пробациянын кардарларын адаптациялоо жана реабилитациялоо үчүн социалдык, тиричилик, психологиялык жана башка колдоо көрсөтүү менен чектелген мөөнөткө турак жай берүү;
6) убактылуу жашап туруу жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) – Борбор менен пробациянын кардарынын ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктарын, милдеттерин жана пробациянын кардарынын Борбордо болуу шарттарын аныктоочу макулдашуу;
7) оор турмуштук кырдаал – адамдын алардын кесепеттеринен өз алдынча арыла албаган укук бузууларды жасоонун себептери жана шарттары болуп саналган объективдүү жана жеке кырдаалдардын жыйындысы.
2-глава. Пробациянын кардарын жиберүүнүн негиздери жана тартиби
5. Пробациянын кардары, төмөнкү негиздер болгон учурда Борборго жиберилет:
1) туруктуу же убактылуу жашоочу жери жок болсо;
2) пробациянын кардарынын жайгаштырууга кат жүзүндө макулдугу болсо;
3) жаш курагына, ден соолугунун абалына же болбосо оор турмуштук кырдаалга кабылганына байланыштуу өз алдынча жашап турууга мүмкүнчүлүгү жок болсо.
6. Ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык убактылуу жайгаштыруунун зарылдыгы жөнүндө негиздеме камтылган пробациянын аймактык органынын жолдомосу пробациянын кардарын Борборго жайгаштырууга негиз болуп саналат.
7. Пробациянын кардарын Борборго жиберүү пробациянын кардарынын жашаган жери же иш жүзүндө турган жери боюнча пробациянын аймактык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Жолдомого төмөнкү документтер тиркелет:
1) пробациянын кардарынын ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык таризделген убактылуу жайгаштырууга жазуу жүзүндөгү макулдугу;
2) пробациянын кардарынын инсандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү.
3-глава. Пробациянын кардарын Борборго жайгаштыруу
9. Пробациянын кардарынын документтери келип түшкөн күндөн тартып Борбор аларды үч жумуш күндүн ичинде карап чыгып, убактылуу жайгаштыруу же болбосо себептерин көрсөтүү менен убактылуу жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Оң чечим кабыл алынган учурда, Борбор пробациянын кардары менен убактылуу жашап туруу жөнүндө келишим түзөт.
11. Борбордо жашап туруу башталганга чейин пробациянын кардары Борбордун ички тартип эрежелери менен кол коюп таанышат.
4-глава. Пробациянын кардарынын Борбордо болуусу
12. Пробациянын кардарынын Борбордо жашап туруусу пробация органынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасы боюнча узартуу мүмкүнчүлүгү менен бир айдан алты айга чейинки мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Узартуунун себептери негизделген сунуштаманы Борбор үч жумушчу күн ичинде карап чыгат.
13. Пробациянын кардары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) коопсуз убактылуу жашап турууга, социалдык, психологиялык жана башка жардам алууга;
2) Борбордо болуу эрежелери, кызматтарды көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө толук, жеткиликтүү жана ишенимдүү маалымат алууга;
3) жеке кадыр-баркынын урматталышына, жеке турмушунун кол тийбестигине жана басмырлоодон корголууга;
4) Борбордун жумушчуларынын аракеттерине Борбордун администрациясына же болбосо пробация органына белгиленген тартипте даттанууга;
5) милдеттүү түрдө документ түзүү (акт, протокол) менен мыйзамдуу негиздерде гана жоопкерчиликтин жаза чараларынын колдонулушуна.
14. Борбордо болуу мезгилинде пробациянын кардары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ички тартип эрежелерин сактоого, Борбордун персоналынын талаптарын жана келишимдин шарттарын аткарууга;
2) Борбордун программаларында каралган социалдык адаптациялоо боюнча иш-чараларга катышууга.
15. Пробациянын кардары Борбордо болуу шарттарын бузган учурда Борбор тиешелүү акт түзөт жана пробация органына билдирет.
5-глава. Пробациянын кардарын Борбордон чыгаруу
16. Пробациянын кардарын Борбордон чыгаруунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) пробациянын кардарынын мындан ары Борбордо болуудан өз ыктыяры менен баш тартуусу;
2) белгиленген убактылуу жашап туруу мөөнөтүнүн аякташы;
3) ички тартиптин эрежелерин тутумдуу түрдө бузуу же болбосо келишимдин шарттарын аткарбоо;
4) стационардык дарылоону талап кылуучу катуу оору;
5) пробациянын кардарынын жаңы кылмыш жасоосу.
17. Пробациянын кардарынын мындан ары Борбордо болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар келип чыкканда Борбордон чыгаруу пробация органына бир жумуш күн ичинде милдеттүү түрдө кабарлоо менен Борбордун ички документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
18. Пробациянын кардарына анын укуктары жана укуктук кесепеттер түшүндүрүлүү менен жазуу жүзүндө же болбосо оозеки түрдө чыгаруунун себептери жөнүндө маалымат берилет.
6-глава. Пробация органдарынын жана Борбордун өз ара аракеттешүүсү
19. Пробациянын аймактык органдары:
1) пробациянын кардарларына пробациялык көзөмөлдү жүзөгө ашырат, зарыл болгон учурда электрондук көзөмөл колдонулат;
2) кеминде бир айда бир жолудан кем эмес Борборго жайгаштырылган пробациянын кардарына барат.
20. Борбор:
1) пробациянын кардарынын жашап туруусу жана реабилитацияланышы үчүн шарттарды камсыздайт;
2) пробация органынын суроо-талабы боюнча пробациянын кардары жөнүндө маалымат берет;
3) пробациянын кардарынын жүрүм-туруму жана анын ички тартип эрежелерин бузган фактылары жөнүндө пробация органына кабарлайт.
7-глава. Корутунду жобо
21. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет.
22. Ушул Эрежелердин аткарылышын контролдоо пробациянын аймактык органдарына жүктөлөт.
23. Пробациянын аймактык органдары өз ишинде ушул Эрежелерди жетекчиликке алууга милдеттүү.
24. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул Эрежелерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун өзүнө калтырат.
25. Ушул Эрежелер менен жөнгө салынбаган бардык маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ички ченемдик актыларга ылайык чечилет.
|
| 1-тиркеме |
________________________________
________________________________
________________________________
(уюмдун, мекеменин аталышы, юридикалык дареги)
Жолдомо
Пробациянын кардары ________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
жайгаштыруу үчүн жиберилүүдө.
____________________________________ пробациянын аймактык органы
(пробациянын аймактык органынын аталышы)
төмөнкүлөрдү өтүнөт:
- пробациянын кардарын реабилитациялоо борборуна (социалдык жатаканага) жайгаштырууну;
- пробациянын кардарын реабилитациялоо борборунун (социалдык жатакананын) ички тартибинин эрежелери менен тааныштырууну;
- кардар реабилитациялоо борборунун (социалдык жатакананын) ички тартибинин эрежелерин бузган учурда пробация органына билдирүүнү.
___________________________________________________________ (кызматкердин кызмат орду, аты-жөнү, колу)
(М.О.)
|
| 2-тиркеме |
________________________________
________________________________
__________________________ (уюмдун, мекеменин аталышы,
юридикалык дареги)
МАКУЛДУК
Мен, ________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы)
реабилитациялоо борборуна (социалдык жатаканага) жайгашууга макулдугумду берем.
Мыйзамдарда белгиленген жана сот жүктөгөн милдеттерди, пробация органынын жана реабилитациялоо борборунун (социалдык жатакананын) кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана керектүү маалыматты берүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн жардамды максатка ылайык пайдаланууга милдеттенем.
____________________________________________________________
(кардардын аты-жөнү, колу, дата)