Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 171
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 "2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасында:
1) жогоруда көрсөтүлгөн Программага 1-тиркемеде:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-пункттар менен толукталсын:
«
41 | «Аэро Кыргызстан» ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 44-т тескемесине ылайык «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 358 056, 129 | 100,0 | 100,0 |
42 | «Таза Энержи» ЖЧК * «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 1,0 | 100,0 | 100,0 |
»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-главалар менен толукталсын:
«
3. Ысык-Көл облусу | ||||
6 | «Ляззат» ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 156 370, 991 | 100,0 | 100,0 |
4. Ош облусу | ||||
7 | «Нурдан Транс» ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 31 274, 8 | 100,0 | 100,0 |
8 | «Wholesale International» («Хоулсейл интернешнл») ЖЧК * * Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 25-т тескемесине ылайык «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн | 1 | 100,0 | 100,0 |
»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн Программага 2-тиркемеде:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«
31 | Бишкек ш., Ч. Айтматов пр., 101 дареги боюнча жайгашкан турак эмес жайы менен аянты 0,996 га жер тилкеси | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
|
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |