Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-ноябры № 1
Курама айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин төрагасы болуп Джумагулов Азамат Курмабекович шайлангандыгы таанылсын.
2. Эсептөө комиссиясынын Курама айыл өкмөтүнүн жергиликтүү айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3 протоколу бекитилсин.
3. III-Элдик Курултайдын делегаттарын тандоого өкүлчүлүктү жыйындар тууралуу график тиркемеге ылайык бекитилсин (календарлык пландын негизинде).
4. Ушул токтомдун аткарылышын Курама айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Ж.Акеровага жүктөлсүн.
Төрага | Д.Дж.Анапияева |