Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабря № 1/1
Панфилов айылындагы А. Осмонов атындагы орто мектебиндеги терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т. Карымбаевдин Панфилов айылындагы А. Осмонов атындагы орто мектептин эски жыгач терезе жана эшиктерин пластик терезе жана эшиктерге алмаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу маалыматы угулуп, талкууланды. Долбоор дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылып, жалпы бюджети 1 385 912 сомду түзөт, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 277 182 сом.
Депутаттар төмөнкүлөрдү белгилешти: Курама айыл аймагына караштуу Панфиловское айылында жайгашкан А.Осмонов атындагы орто мектеп 1973-жылы курулган. Ошондон бери мектеп имаратынын терезелери алмаштырылган эмес.
Күз-кыш мезгилинде мектеп администрациясы терезелерди полиэтилен менен жылуулоого мажбур болуп, анын кесепетинен класстарда аба алмашуу мүмкүн болбой, окуу процесси дем жетпеген шартта өтүп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Курама айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектептин терезе жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоор жактырылсын жана жергиликтүү бюджеттен 277 182 сом каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдар Панфилов финансы бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмдө калтырылсын.
Төрага | Джумагулов А.К. |