Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабря № 2
Панфилов (15 Партсьезд) айылындагы М.Шейшеналиев атындагы орто мектебиндеги терезелерди алмаштыруу жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т. Карымбаевдин Панфилов айылындагы (15 Партсьезд) М. Шейшеналиев атындагы орто мектептин эски жыгач терезе пластик терезеге алмаштыруу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу маалыматы угулуп, талкууланды. Долбоор дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашырылып, жалпы бюджети 7 602821 сомду түзөт, анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 3 801411 сом.
Депутаттар төмөнкүлөрдү белгилешти: Курама айыл аймагына караштуу Панфилов (15 Партсьезд) айылында жайгашкан М.Шейшеналиев атындагы орто мектеп 1979-жылы курулган. Ошондон бери мектеп имаратынын терезелери алмаштырылган эмес.
Күз-кыш мезгилинде мектеп администрациясы терезелерди полиэтилен менен жылуулоого мажбур болуп, анын кесепетинен класстарда аба алмашуу мүмкүн болбой, окуу процесси дем жетпеген шартта өтүп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Курама айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов айылындагы А.Осмонов атындагы орто мектептин терезе жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоор жактырылсын жана жергиликтүү бюджеттен 3 801 411 сом каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдар Панфилов финансы бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмдө калтырылсын.
Төрага | Джумагулов А.К. |