Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-декабры № 3
Курама айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т. Карымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |
1-тиркеме |
Курама айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор;
2-глава. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби;
3-глава. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби;
4-глава. Маркумду эске алуу ырым-жарымдарын өткөрүүнүн тартиби;
5-глава. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.Жобонун максаты Курама айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин сал-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жаттерс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын ошондой эле ислам дининин шариятына ылайык кылып кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2-глава. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
1. Курама айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен Курама айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2. Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3-глава. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу маараке салтанаттары ж.б.кирет.
2. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө бир кара мал союга жана 300 дөн көп эмес адам катышууга уруксат берилет.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4-глава. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
1. Маркумду акыркы сапарга узатууда, аза күтүү күндөрүндө 1 кара мал союуга уруксат берилет, үчүлүк, жетилик (ар бейшемби күндөрү мал союлуу боюнча) өткөрүлбөйт, кыркылык өткөрүүдө бир майда жандык (кан чыгаруу) союуга уруксат берилет. Өлгөндү акыркы сапарга узатууда жаштар тамакка кирбейт, кийит берилбейт, кант-чай пакеттерди алып келүү, дасторконго салаттарды коюу токтотулат.
2. Маркумду эскерүүдө аш өткөрүүдө бир кара мал союууга уруксат берилет, жободо көрсөтүлгөн тартип боюнча өткөрүлөт.
3. Маркумга таштан (мрамор, гранит ж.б. ушул сыяктуу оор материалдан) эстелик коюу тыюу салынат.
4. Аялдарга таркатуу үчүн жыртыш же бет арчууларды берүү жагы токтотулсун.
5-глава. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, шаардын мэри, айыл өкмөтүнүн башчысы, облустук комиссия жана республикалык маанидеги шаардын комиссиясы, райондук комиссия жана облустук маанидеги шаардын комиссиясы, жергиликтүү комиссия кирет. Баардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1 Жергиликтүү комиссия
1. Жергиликтүү комиссия Курама айыл аймагында түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү жана башкалар кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге биргеликте барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, аза күтүүдөгү үй-бүлөнү жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе каралат. Тартипти бузган жарандарга карата мыйзам чегинде чара (анын ичинде уяткаруу чарасын) көрүлөт.