Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-декабры № 4
Курама айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
2024-жылдын бюджетинин планына каралган акча каражатынан колдонулбай калган каражаттарды башка керектүү тармактарга жылдыруу жагы каралып талкууланып, Курама айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70111 “Апарат” бөлүмүнөн 2215 элементинен 300 миң сомду азайтуу, 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 2215 элементи 300 миң сомго көбөйтүлсүн.
70812 “Спорт” бөлүмүнөн 2215 элементинен 230 миң сомду азайтуу, 2221 элементи 170 миң сомго көбөйтүлсүн.
70629 “ЖКХ” бөлүмүнөн 2214 элементинен 60 миң сом жана 3111 элементинен 80 миң сом азайтылсын.
71093 “Социалдык коргоо” бөлүмүнүн 2721 элементи 200 миң сомго көбөйтүлсүн.
70921 “Билим” бөлүмүнөн 3111 элементинен 800 миң сомду азайтуу, 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 3112 элементи 800 миң сомго көбөйтүлсүн.
70921 “Билим” бөлүмүнөн 2222 элементинен 200 миң сомго азайтуу, 2221 элементи 200 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Киреше бөлүгүнүн патент негизинде салык 250 миң сомго азайтылсын, сметанын чыгаша бөлүгүнүн 70629 “ЖКХ” бөлүмүнүн 2214 элементинен азайтылсын.
3. Бул токтомду ишке ашырууга акча каражатын жылдыруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн ФЭӨБ башчысы Ж.М. Шаршекеевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы У.Т. Карымбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |