Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-марты № 165
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө Жободо:
1) 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) Кыргыз Республикасынын ички эмгек рыногунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу процесстерин жөнгө салуу.»;
2) 8-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана колдонууга жыл сайын белгиленүүчү квотаны түзүү жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана колдонууга квотаны бөлүштүрүү (кайра бөлүштүрүү) жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү;
– Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксаты бар чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алууну жүргүзүү;»;
3) 8-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнө талдоо, болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө Жободо:
1) 6-пунктта:
– он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 7-пунктта:
1-пунктчада:
– он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– он сегизинчи абзацта «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга,» деген сөздөр алып салынсын;
– жыйырма экинчи абзацта «жана Кыргыз Республикасында иштөөгө уруксаты бар чет элдик жарандардын» деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчада он үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 13-мартындагы № 19 (3779) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |