Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 6-февралы № 63-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул тескеме менен аныкталган салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн долбоорду куруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 615-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолу долбоорун ишке ашыруунун алкагында кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон берүүчүлөрдүн тизмегинде:
2, 6, 11, 16 жана 19-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоорун
ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын
тизмеги
№ | Уюмдун аталышы, ИСН | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | “Терек-Таш” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01408201410066 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
2 | “Южный Комбинат Строительных Материалов” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02309200510156 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
3 | “Кыргыз-Кытай темир жол логистик” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01706202510121 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
4 | “ПАРТНЕР НЕФТЬ” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02508201610067 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
5 | “АДЖИ-СЕРВИС” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02406199810087 | “Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
6 | “Учкун ВМ” жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02904202210372 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
7 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Көпүрө куруу отряды” мамлекеттик ишканасы, ИСН 02106199310047 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |
8 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы, ИСН 00101199410270 | “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу” долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | КНС, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоорду белгиленген мөөнөттө аяктоо |