Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-январы № 5
Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна, 5-пунктуна ылайык, “Шайлоо комиссияларынын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” жана ошондой эле Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме).
2. Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши кезексиз сессиянын токтомун жана протоколдорун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айыылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |