Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-февралы № 6
Курама айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2025-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Шаршекеева Жыпар Мелисовнанын 2024-жылдын бюджетин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча отчету каралып жана талкууланып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Шаршекеева 2024-жылдын бюджеттин аткарылгандыгы боюнча: киреше бөлүгү планы 31939,5 миң сомго аткарылгандыгы 31157,1 миң сомду түздү, чыгаша бөлүгү бекитилген план 32189,5 миң сом, такталган план 42292,9 миң сом, касса боюнча чыгаша бөлүгү 37252,1 миң сом. Өздүк счет бекитилген план 2780,0 миң сом, такталган план 3570,1 миң сом, касса боюнча чыгаша бөлүгү 3449,2 миң сом аткарылгандыгы боюнча отчету кабыл алынсын.
2. Курама айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 2025-жылга 37813,3 миң сомго бекитилсин, анын ичинен: бюджет боюнча 34933,3 миң сом, суммасында бекитилсин.(№1, №2 тиркеме).
3. 2025-жылдын 1-январында жергиликтүү бюджетинин эркин калдыктын жалпы суммасы 4258,7 миң сом; атайын каражаттар 469,6 миң сомго чыгаша бөлүгүнүн беренелерине ылайык сарпталсын.(№3, №4 тиркеме).
4. 2025-жылга бюджетти каржылоо чыгашалары, биринчи кезекте бюджеттин корголгон эмгек акылары, социалдык фонд, коммуналдык кызматтар беренелери боюнча каржылоо жүргүзүлсүн.
5. Резервный фонд 2025-жылга 680000 миң сомго бекитилсин.
6. Курама айыл өкмөтүнүн коммуналдык кызмат бөлүмүнө 3 (үч) штаттык бирдик бекитилип, келишим түрдө айлык акысы төлөнүп берилсин.
7. 2025-жылдын бюджеттик каражаттары айылдык кеңештин макулдашуусу менен Курама айыл өкмөтүнүн башчысына керектүү колдонууга жана кайра бөлүштүрүүгө укугу берилет.
8. Ушул токтомдун аткарылышы Курама айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Шаршекеевага жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Н.З.Атакеевге жана Курама айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |