Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 7
МИ “Курама-Суу”нун 2024-жылдын бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун кабыл алуу жөнүндө
Муниципалдык ишкананын “Курама-Суу” нун (мындан ары МИ деп кыскартылат) директору Ч.Дж.Аильчиевдин 2024-жылдын 6-айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчету карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МИ “Курама-Суу” нун (мындан ары МИ деп кыскартылат) директору Ч.Дж.Аильчиевдин 2024-жылдын 6-айдагы бюджеттин аткарылышы боюнча отчету кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жоопту катчысы Н.З.Атакеевге жана Курама айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Т.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |