КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-марты № 25
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Монголиянын Тышкы иштер министрлигине кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 19-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |