Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-октябрындагы № 03
Чакан бокс залына Р.А. Тайбасовдун атын ыйгаруу жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, ошондой эле «Манас» спорт топтомунун директору А.А.Омурсаковдун кайрылуусун эске алуу менен, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын № 2 өспүрүмдөр спорт мектебинин чакан бокс залына Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Рыспек Айнакулович Тайбасовдун аты ыйгарылсын.
2. Кара – Балта шаарынын мэриясы, Кара – Балта шаарынын № 2 өспүрүмдөр спорт мектебинин чакан бокс залына Рыспек Айнакулович Тайбасовдун атын ыйгаруу боюнча зарыл болгон документтерди иретке келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына Г.А.Сарсембаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |