Редакцияот 13.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 13-марты № 23

 

2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча универсалдуу борбор жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган