Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-марты № 170-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 18-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия Королдугу, Люксембург Улуу Герцогдугу жана Нидерланд Королдугу) менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Уруксатсыз кирген же жашап жүргөн адамдарды реадмиссиялоо жөнүндөгү макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 1116-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |