Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын III отуруму
2025-жылдын 17-январы № 17
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга байланыштуу мүлк салыгынын коэффициентин көбөйтүү жөнүндө
Мамлекеттиксалык кодексинин 398-беренесинин 3,4-пунктуна ылайык, үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга байланыштуу мүлк салыгына, огород салыгына зоналдык коэффицентин бекитүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, маалыматын угуп жана талкуулап, Султан Ибраимов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл аймагынын үй жанындагы короо жай жана багбанчылык чарба жер участокторуна жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга байланыштуу мүлк салыгы, огород салыгы төмөнгүчө бекитилсин.
№ | Салыктын түрү | Мурунку | Азыркы | Мисалы |
1 | Огород салыгы | 1,0 | 1,2 | 15,0х10,0=150 15,0х12,0=180 |
2 | Айыл чарба багы-тындагы эмес жерлерге | 10 сом | 12 сом | 15,0х10,0=150 15,0х12,0=180 |
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша боюнча башкы адисине тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |