Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин I чакырылышынын III отуруму
2025-жылдын 17-январы № 18
Турак жай имаратына салынуучу салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл окмоту Мамлекеттик салык кызматынын Чуй облусунун Чуй району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 21-январындагы №013/05-1/34 катындагы, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-380-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында 2025-2027 жылдарга турак жай имаратына салынуучу салыктын ставкасын бир чарчы метрине 18 сомго бекитип берүү боюнча маселесин карап талкуулап чыгып
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында 2025-2027 жылдарга турак жай имаратына салынуучу салыктын ставкасын бир чарчы метрине 18 сом болуп калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша боюнча башкы адисине тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |