Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги IV отурумунун
2025-жылдын 20-февралы № 21
Биргелешкен суу менен камсыз кылуу Султан-9 муниципалдык ишканасынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча 2025-жыл ичинде аткарыла турган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын Биргелешкен суу менен камсыз кылуу “Султан-9” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сабыров 2025- жыл ичинде аткарыла турган иштери тууралуу маалымат берди. Депутаттар угуп, талкуулап, Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Биргелешкен суу менен камсыз кылуу “Султан-9” муниципалдык ишканасынын 2025-жыл ичинде планы жана киреше, чыгаша булагы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жайыт жерлерин жакшыртуу боюнча 2025-жылга карата иш планы бекитилсин.
3. Келечекте планга (перспективный план) кум-шагыл иштетүү үчүн төмөндөгү жер тилкелери
· Кызыл-Аскер айылынан № 49, №50- контур, 10,1 га
· Кошой айылынан №10-контур,1 га
4. “Жергиликтүу өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” Мыйзамынын 33-беренесинин 11-пунктунун ылайык кум-шагыл иштетүүдө айыл өкмөтүнүн келишим түзүүдөгү киреше булагы 10% пайыздан төмөндөтүлбөсүн.
5. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |