Редакцияот 24.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 24-августундагы № 46

 

Баткен шаарынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 27-июлундагы № 01-12/1826 катына жана шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Шаар мэриясынын алдындагы ММД 3111

“Имараттар жана курулмалар” беренесиндеги 9 790 000 сом кыскартылып, 2215 “ар түрдүү чыгымдар” беренесине 9 600 000 сом, 3113 “башка негизги каражаттар” беренесине 190000 сом акча каражаты 2023-жылдын III кварталына кошулуп берилсин.

-Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 3111 “имараттар жана курулмалар” беренесинен 200 миң сом кыскартылып, Баткен шаар мэриясына чет мамлекетке иш сапарына чыгымдар үчүн 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Иш сапары чыгымдары жогорку органдардан макулдук алынгандан кийин чыгымдоо жагы эскертилсин.

-шаар мэриясынын 2023-жылга бекитилген бюджетинин 2212 “байланыш кызматы” беренесинен 50000 сом кыскартылып, 2214 “транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” беренесине кошулуп берилсин.

2. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Мадымаровго/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов