Редакцияот 24.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 24-августундагы № 47

 

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.Абдуллаеванын 0,50га өлчөмүндөгү менчик “Таштактуу жайыт жер аянтын”, “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянтын, “|Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункттуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-марттагы №02-6/49 катыны, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:

 

1 Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Абдуллаева Батма Ысаковнанын 0,50га өлчөмүндөгү менчик “Таштактуу жайыт жер аянтын”, “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясындагы жер аянтын,“|Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. Б.Ы.Абдуллаеванын жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин. 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына / Курбанбеков Т/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов