Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 48
Баткен шаарындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебин, Баткен шаарындагы жалпы билим берүү №4 “мектеп-гимназиясы” статусун алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-июлдагы №02-6/423 катына жана шаар куруу архитектурасынын чиймесине, Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык. Санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебин, Баткен шаарындагы жалпы билим берүү №4 “мектеп-гимназиясы” статусун алууга макулдук берилсин.
2. Баткен шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын Жобосу (Уставы) бекитилсин.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жана иновациялык жактан өнүгүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык. Санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
| Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 48 токтомуна №1 тиркеме |
№4 мектеп-гимназия мекемесинин
Жобосу (Уставы) МАЗМУНУ
1. Жалпы жоболор.
2. Мектеп-гимназиянын ишин уюштуруу
3. Билимберүүпроцесси.
4. Билим берүү процессинин катышуучулары.
5. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери.
6. Гимназияны башкаруу.
7. Мүлкжанаматериалдык-финансылыккаражаттар.
8. Эл аралык кызматташтык.
9. Мектеп-гимназияны жоюу жана өзгөртүп уюштуруу.
I. Жалпы жоболор.
1.1. №4мектеп-гимназия мекемесинин (мындан нары –мектеп-гимназия) уставы Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө", «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын негизинде иштелип чыккан.
1.2. Мектеп-гимназия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул уставды жетекчиликке алат.
1.3. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы: Мамлекеттик тилде: №4 мектеп-гимназия мекемеси. Расмий тилде: Учреждение школа-гимназия №4 Юридикалык жактын кыскартылган фирмалык аталышы Мамлекеттик тилде: №4мектеп-гимназия м-си. Расмийтилде: У-е школа-гимназия №4.
1.4. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен шаары, Кызыл-Дөң кварталы, Э.Калыков көчөсү, үй 22.
1.5. Мектеп-гимназия окууга шыктуу, активдүү, илимдердин ар кылжа атында чыгармачыл изилдөө ишине жөндөмдүү балдарды окутууга жана тарбиялоого багытталган билим берүү тутумундагы жалпы билим берүү уюмунун түрү.
1.6. Мектеп-гимназиянын негизги максаты болуп окуп жаткандардын шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша гуманитардык тармактар боюнча башталгыч, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүнүн окуу программаларын ишке ашыруу эсептелет.
1.7. Мектеп-гимназия үзгүлтүксүз билим берүү системасынын негизги бөлүгү болуп саналып, мамлекет тарабынан кепилдик берилген милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим алууну, ошондой эле акысыз жалпы орто билим алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
1.8. Мектеп-гимназиянын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
• Республиканын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарына теңдиги;
• Гумандуулук жана жалпы адамзаттын баалуулуктарынын артыкчылыгы;
• Жарандуулук жана мекенчилдик;
• Билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
• Академиялык эркиндик жана акниеттик;
• Жоопкерчиликтик жанана тыйжалуулук;
1.9. Мектеп-гимназия негизги максаттары деп – мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын инсандык жалпы маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүүлүк менен тандоо жанаандан ары өздөштүрүүүчүннегизтүзүү, жарандуулук катар биялоо, адамдын укуктары жана эркиндигин урматтоо, толеранттуу болуу, мекенин, үй-бүлөсүн жана курчап турган айлана-чөйрөнү, эмгекти сыйлоо, сергек жашоо адаттарын калыптандыруу эсептелинет.
1.10. Мектеп-гимназия адамдын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн окуучуларды окутууну жана тарбиялоону жүргүзүп, инсандын ден соолугун сактоону камсыздаган жана ар тараптан өнүгүүсүндө, анын ичинде өз алдынча жана кошумча билим алуу зарылчылыгын канааттандыруу боюнча дагы ылайыктуу шарттарды түзөт.
1.11. Мектеп-гимназия мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн сапаты, билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштурууда окуучулардын жашына жараша психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыктуулуктарына жана жөндөмдөрүнө колдонулуучу тариздердин, усулдардын жана каражаттардын шайкештиги, алардын өмүрлөрүн жана ден соолуктарын коргоо ченемдери жана эрежелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жооп тартат.
1.12. Жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү күндүзгү окуу формасында жүзөгө ашырылат.
1.13. Мектеп-гимназияда ата-энесинин же алардын ордун алмаштыруучулардын арызынын, КРнын нормативдик укуктук актынын негизинде төлөмдүү «мектеп балдарбакчасын» ачууга укуктуу.
1.14. Мектеп-гимназияда ата-энесинин же алардын ордун алмаштыруучулардын арызынын, КР нын нормативдик укуктук актынын негизинде төлөмдүү «спорттук, тилдерди (кыргыз, орус, англис) жана компьютерди» үйрөтүү курстарын ачууга укуктуу.
1.15. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу планына ылайык ырааттама менен окутулат.
1.16. Билим алуунун баардык тариздеринде конкреттүү негизги жалпы билим берүү программасынын чегинде бирдиктүү мамлекетти кбилим берүү стандарты иштейт.
II. Мектеп-гимназиянын ишин уюштуруу
2.1. Мектеп-гимназия юридикалы жак катары уставы, эсептөө жана башка эсептери, мамлекеттик жана (же) расмий тилдеринде почталык дареги жазылган мөөрү, бурч – мөөрү (штампы) жана бланктары, бекитилип берилген мүлкү бар уюм болот.
2.2. Мектеп-гимназиянын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартип боюнча мамлекеттик аттестациядан (аккредитадиядан) өтөт.
2.3. Окуучулардын акысыз медициналык тейлөөсүн саламаттыкты сактоо органдары тарабынан мектеп-гимназия атайын бекитилген медициналык кызматкер жүргүзөт. Медициналы ккызматкердин иш жүргүзүшү үчүн мектеп-гимназияда атайын бөлмө каралат, ошондой эле медициналык кызматкердин билдирмеси боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы алдын ала дарылоо каражаттары менен камсыздайт.
2.4. Мектеп-гимназияда окуучулардын тамактануусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы, жергиликтүү кеңештин жана ата-энелер чогулушунун токтомдору менен аныкталат.
2.5. Мектеп-гимназиянын класс-комплекттеринин толукталышынын чектүү ченемин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Класстагы окуучунун саны:
• 1-4 класстарда 30 окуучу данашпаган.
• 5-9 класстарда 30 окуучу данашпаган.
• 10-11 класстарда 25 окуучуданашпаган болуусу керек
III. Билим берүү процесси.
3.1. Мектеп-гимназиянын билим берүү процессии башталгыч, негизги жан жалпы билим берүү программаларынын деңгээлдерине ылайык мектептик билим берүүнүн үч баскычында жүргүзөт:
1 – баскыч жалпы башталгыч билим берүү (1-4- класс; окутуунун ченемдик мөөнөтү - 4 жыл);
2 - баскыч жалпы негизги билим берүү (5-9- класс; окутуунун ченемдик мөөнөтү - 5 жыл);
3 – баскыч жалпы орто билим берүү (10-11 - класс; окутуунун ченемдик мөөнөтү - 2 жыл);
3.2. Жалпы негизги билим берүүнүн милдеттери болуп окуучуларды инсан катары тарбиялоо, түзүү жана калыптандыруу үчүн социалдык жактан өзүн-өзү аныктоого, өз алдынча иш тажрыйбасын өздөштүрүүгө жана өзүн-өзү көзөмөлдөөгө багытталган шыктарын жана компетенцияларын өнүктүрүү эсептелет.
3.3. Жалпы негизги билим берүү жалпы орто билим, башталгыч жана орто кесиптик билим алуу үчүн база болуп саналат.
3.4. Жалпы орто билим берүү жалпы билим берүүнүн аяктоочу этабы болуп, окуучулардын туруктуу компетенцияларын жана чыгармачылык шыктарын өнүктүрөт, ошондой эле дифференцияланган окутуунун жана кесипти же эмгектенүүнү аң-сезимдүү тандоо үчүн даярдоонун негизинде өз алдынча окуу көнүгүүлөрүн калыптандырууну камсыздайт.
3.5. Жалпы орто билим, башталгыч орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантууга база болуп берет.
3.6. Мектеп-гимназия Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык тездетилген окутуу программалары боюнча жалпы орто билим берүүгө жол берилбейт.
3.7. Мектеп-гимназия жалпы орто билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын негизинде аныкталып, педагогикалык кеңешинде бекитилген пландын негизинде ишке ашырылат.
3.8. Мектеп-гимназияда окутуу тилин (тилдерин) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулуп, мектеп-гимназиянын уставы боюнча окутуу кыргыз,орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
3.4. Мектеп-гимназия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили деп аныкталган кыргыз тилин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окутат. Кыргыз Республикасында расмий тили катары орус тили ошондой эле бир чет тил, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги бекиткен окуу планына ылайык окутулат.
3.5. Мектеп-гимназиянын тийиштүү шарттары (педагогикалык кадрлар, окутуу-усулдук каражаттар, материалдык-техникалык жабдуулар ж.б.) болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, негизги мектеп программаларынан тышкары да кошумча билим берүү программаларын ишке ашыраалат жана кошумча билим берүү кызматын (келишимдин негизинде) көрсөтө алат.
3.6. Кошумча билим берүү программалары жана кошумча билим берүү кызматы окуучулардын жана ата - энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдуктары менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик актыларыдын негизинде уюштурулат.
3.7. Мектеп-гимназия Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыны жетекчиликке алып, баа коюу системасын, окутуунун жана тарбиялоонун тариздерин, ыкмаларын жана усулдарын, ошондой эле окуучулардын которуу сынактарынын мезгилдүүлүгүн жана тариздерин тандоого укуктуу.
3.8. Мектеп-гимназияда окуу планынын негизинде иштелип чыккан иш окуу планы боюнча билим берүү процесси өткөрүлөт.
3.9. Окуучулардын окуу жүктөмү чектелген жүктөмдүн ченеминен ашпаш керек жана окуу планынын окуу сабактарын окутууга бөлүнгөн сааттарынын санынан төмөн болбошу керек:
3.10. Мектеп-гимназияда окуу жылы 1- сентябрдан башталат.
3.11. Мектеп-гимназияда окуу эки сменада жүргүзүлөт:
1-смена саат 8 00 да башталып, саат 13 00 да аяктайт.
2-смена саат 13 30 да башталып, 18 00 дө бүтөт.
3.12. Ар бир сабактын ортосунда 5 мүнөттүк, 3-сааттан кийин 10 мүнөттүк танапистер берилет.
3.13. Мектеп-гимназияда билим берүүнүн I-II-III баскычтарында окуу жылынын созулушу, мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясынын мөөнөттөрүн эсептебегенде, 34 аптадан кем эмес, ал эми биринчи класста - 33 аптанытүзөт.
3.14. Окуу жылы 4 чейрекке бөлүнөт:
1-чейрек 1-сентябрдан баштап 2-ноябрга чейин, каникул 8 күн.
2-чейрек 10-ноябрдан баштап 30-декабрга чейин, каникул 12 күн.
3-чейрек 11-январдан баштап 21-мартка чейин, каникул 10 күн.
4-чейрек 1-апрелден баштап 25-майга чейин жүргүзүлөт. (каникул 1-сентябрга чейин).
3.15. Мектеп-гимназияга окуучуларды кабыл алуу эрежелери (кирүү сынактары) гимназиянын педагогикалык Кеңеши тарабынан бекитилип, ишке ашырылат. Гимназияга окуучуларды каттоо гимназиянын директорунун буйругу менен жүргүзүлөт.
3.16. Окуучуларды класстан класска көчүрүү жылдык баалардын жана көчүрүү сынактарынын жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Профилдик предметтер боюнча жетишпеген окуучулар педагогикалык Кеңештин сунуштамасы боюнча башка билим берүү мекемелерине которулушу мүмкүн, бул ата-энелер же алардын өкүлдөрү менен жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимде кошумча конкреттештирилет.
3.17. Окуучулардын билими төмөнкүдөй бааланат:
• 5 – эң жакшы;
• 4 - жакшы;
• 3 - канааттандыраарлык;
• 2- канааттандыраарлык эмес;
3.18. Мектеп-гимназияда,класстардын жана класстардагы окуучулардын саны жарандардан түшкөн арыздардын санынан жана санитардык-гигиеналык талаптарга, ошондой эле мектеп-гимназия үчүн класстарды толтуруунун чектүү нормаларына ылайык билим берүү процессин жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттардан көз каранды болот.
3.19. Мамлекеттик билим берүү саясатын ишке ашырган мектеп-гимназия ишин мамлекеттик көзөмөлдөөнү Баткен шаардык билим берүү бөлүмү ишке ашырат.
3.20. Жалпы орто билим берүүнун сапатынын кепилдигинин негизги таризи болуп, жаңы типтеги жалпы билим берүү уюмдарынын аныкталган тартипте беш жылда бир жолу өткөрүлүүчү мамлекеттик аттестациясы (аккредитациясы) эсептелинет.
IV. Билим берүү процессинин катышуучулары.
4.1. Мектеп-гимназиянын билим берүү процессинин катышуучулары болуп окуучулар, педагогикалык кызматкерлер (мындан ары - мугалимдер) жана окуучулардын ата - энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) эсептелинет.
4.2. Мектеп-гимназия бекитилген аймакта жашаган окуу жашындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн бардыгы арыздарынын жана аныкталган үлгүдөгү медициналык маалым каттарынын негиздерине мектеп-гимназияда билим берүүнүн бардык баскычтарына кабыл алуулары атайын сынактын (экзамендин)негизинде жана төлөмдөрсүз кабыл алынат.
4.3. Мектеп-гимназия кабыл алып жатканда окуучуларды жана алардын ата-энелерин (мыйзамдууөкүлдөрү) өзүнүн уставы жанаокуу процессин жөнгө салуучу, башка да жергиликтүү документтер менен тааныштырууга милдеттүү. Ошондой эле мектепгимназия менен ата-эненин ортосунда келишим баракчасы толтурулат.
4.4. Башка мектептерден, мектеп-гиназияга которулган окучу атайын сынактын (экзамендин) негизинде кабыл алынат.
4.5. Окуучулар жамаатынын ишмердүүлүгү өзүн-өзү башкаруу уюмунун негизинде алып барылат жана билим сапатын жакшыртуу, тартипти орнотуу, чыгармачылыгын өркүндөтүүгө салымын кошот.
4.6. Окуучулардын катышуусу менен өткөрүлө турган иш – чаралар белгиленген убакытка чейин аякташы зарыл.
V. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери.
5.1. Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
· Мектеп-гимназиянын ар кайсы этабына сынактын негизинде окууга кирүүгө жана билим алуунун таризин тандоого;
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлин демилдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана акысыз жалпы орто билим алууга;
· Кошумча билим берүү кызматы, анын ичинде акытөлөнүүчү да таризде билим алууга;
· Мектеп-гимназиянын китепканасынын, маданияттык – спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
· Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныкташкан тартиптер боюнча бекер тамактанууга, медициналык тейлөөгө;
· Уставда аныкталган таризде мектеп-гимназияны башкарууга катышууга;
· Балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
· Инсандык кадыр-баркын урматтоого жана маалымат эркиндигине, өзүнүн жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин айтууга;
· Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүну аяктаганда
· Мамлекеттик үлгүдөгү билим жөнүндө документтерин өз учурунда алууга ж.б. укуктуу.
5.2. Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
· Мектеп-гимназиянын уставын сактоого жана аткарууга;
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде мектепгимназиянын программаларын өздөштүрүүгө;
· Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка улуттардын салттарын, мектеп-гимназиянын башка улутундагы окуучуларынын жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр- баркын урматтоого;
· Ички тартипти сактоо, анын ичинде мектеп-гимназиянын формасында жүрүүгө;
· Мектеп-гимназияда уюлдук телефон аппараттарын колдонбоого;
· Мектеп-гимназиянын коомдук-пайдалууиштерине активдүү катышууга;
· Мектеп-гимназиянын мүлкүнө этият мамиле кылуу жана мектеп-гимназияга зыян келтирсе мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылууга милдеттүү;
5.3. Мектеп-гимназия тартип окуу процессинин барды ккатышуучуларынын инсандык кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго салынат.
5.4. Окуучуларга карата кара күч жана психологиялык зомбулук ыкмаларын колдонууга кескин тыюусалынат.
5.5. Окуучуларды коомдук-саясий жана диний партиялар менен уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө кирүүсүнө (өтүүгө), ошондой эле ушул партиялар менен уюмдардын иштерине, агитациялык компаниялар менен саясий акцияларына катышуусуна мажбурлоого жол берилбейт.
5.6. Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнун негизги мектеп-гимназиянын программаларын өздөштүрүү, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы менен аяктайт.
5.7. Тийиштүү класстардын негизги мектеп-гимназиянын программаларын толук өлчөмдө өздөштүргөн окуучулар мектеп-гимназиянын педагогикалык кеңешинин чечими боюнча кийинки класска которулат.
5.8. Өткөн класстын (баскычтын) негизги мектеп-гимназиянын программаларын өздөштүрбөгөн окуучулардын Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык мектеп-гимназиянын кийинки классында (баскычында) окуусуна жол берилбейт. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык мектеп-гимназиянын герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө мамлекетти күлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) тапшырылат.
5.9. Мектеп-гимназия жалпы башталгыч, жалпы негизги же жалпы орто билим берүүнү аяктабаган окуучуга аныкталган үлгүдөгү малымкат тапшырат.
5.10. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүгө Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамына ылайык билим берүү уюмунун герби бар мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билиминин артыкчылыгы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) тапшырылат.
5.11. Бир же бир нече сабактарды өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчү «Айрым сабактарды өздөштүрүүдө жетишкен өзгөчө ийгиликтери үчүн» деген Мактоо грамотасы менен сыйланат.
5.12. Бардыксабактарбоюнчаэңжакшычейректик, жылдыкжанажыйынтыктоочубаалары бар көчүрүүкласстарынынокуучулары «Окуудагыэңжакшыийгиликтериүчүн» дегенМактообаракчасымененсыйланат.
5.13. Мектеп-гимназияда педагогикалык кеңешинин чечими жана балдардын иштери боюнча комиссиянын макулдугу боюнча укукка каршы иш-аракеттерди жасаган жана Уставда көрсөтүлгөн тартиптерди көп жолу одоно бузгандыгыүчүн он беш жашка чыккан окуучуларды, педагогикалык таасир этүүнүн чектүү чарасы катары мектеп-гимназиядан чыгарууга жол берилет.
5.14. Балдардын иштери боюнча комиссия ата-энелер (мыйзамдууөкүлү) мененбирдиктүүчыгарылганокуучуну башка билим берүү уюмдардаокуусунулантуу же ишкеорноштуруубоюнчачечиминбир ай ичиндекабылалат.
5.15. Жетим балдарды жана ата - энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) багуусунан ажыраган балдарды мектеп-гимназиядан чыгаруу жөнүндө чечим тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүмдөрдүн макулдугу менен кабыл алынат.
5.16. Окуучулардын ата- энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
· Мектеп-гимназияны тандап, окуусун улантуу үчүн окутуунун бардык этабына балдарын жиберүүгө жана билим алуунун таризинтандоого;
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде окуучулардын жалпы орто билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
· Балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого;
· Уставда аныкталган таризде мектеп-гимназиянын башкаруусуна катышууга;
· Билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү регионду корганына балдарды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча кайрылууга укуктуу;
5.17. Окуучулардын ата - энелери (мыйзамдууөкүлдөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:
· Балага жалпы орто билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
· Окуу куралдары менен толук камсыздоого;
· Сабакка убагында кечиктирүүсүз, калтырбоосуз катыштырууга;
· Мектеп-гимназия жана мугалим менен тыгыз байланышта болууга;
· Балдарды сабакка сапаттуу даярдоону көзөмөлдөөгө;
· Балдардын күч-кубатына жана психикалык ден-соолуктарына ар дайым камкордук көрүүгө;
· Баланын жана мугалимдин инсандык намысын урматтап, анын улуттук, тарыхый, руханий-маданияттык байлыктарын жана элдик салттарды, Мекенин сүйүүгө, айланачөйрөнү урматтоого тарбиялоо;
· Окуучуларды мектеп-гимназияда түзүлгөн «Ата-энелер мектебинин» алдындагы түзгөн иш-чаранын негизинде тарбия ишин алып барууга;
· Мектеп-гимназиянын уставындагы өз укуктарын жана милдеттерин аткарууга, балдарынын тарбиясына жана балдары мектеп-гимназияга зыян келтиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жооп берүүгө;
· Мектеп-гимназиядан сырткары убакытта баланын жасаган кылмыштуулугу үчүн жооп берүүгө;
5.18. Мектеп-гимназияны мугалимдер менен толуктоо. Мектеп-гимназиясын мугалимдер менен толуктоо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт. Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп мектепгимназия эсептелет. Педагогикалык кызматка билим жөнүндөгү диплому, тийиштүү педагогикалык адистикке ээ болгон адамдар атайын түзүлгөн комиссиянын тандоосу менен конкурстун негизинде кабыл алынат. Соттолгон же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тизме боюнч амедициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга мектеп-гимназияда иштөөгө жол берилбейт. Педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Мугалимдердин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык түзүлгөн келишим менен жөнгө салынат.
5.19. Мугалимдер төмөнкүлөргө укуктуу:
· Окутуунун жана тарбиялоонун усулдарын, мектеп-гимназиянын программаларын, окутуу-усулдук комплекттерин, окуучулардын билимин баалоонун усулдарын өз алдынча тандоого жана колдонууга;
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, окутуу жана тарбиялоо усулдарынын негиздеринде автордук мектеп-гимназия программасын, окуу китебин, окутуу-усулдук колдонмолорун иштеп чыгууга жана колдонууга;
· Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жүзөгө ашырууга;
· Өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
· Кесиптик иши үчүн тийиштүү шарттарды талап кылууга;
· Өзүнүн кесиптик деңгээлин жана дасыгын жогорулатууга;
· Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык өз ыктыяры менен аттестацияланууга;
· Уставында аныкталган таризде мектеп-гимназия башкарууга катышууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алган кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге;
5.20. Мугалимдер төмөнкүлөргө милдеттүү:
· Педагогикалык этиканы так сактап, өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуунун үстүнөн талыкпай иштөөгө милдеттүү.
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде окуучулардын негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүлөрүн камсыздоого Педагогикалык жүктүн өлчөмү окуу планы боюнча сааттардын санына, мектеп-гимназиянын кадрлар менен камсыздалган жана башка да иш шарттарына жараша аныкталат.
· Окуу планынын сааттарынын саны азайтылбаса же класстардын саны кыскартылбаса, окуу жылынын башында белгиленген окутуу жүктөмүнүн өлчөмү окуу жылынын ичинде мектеп-гимназиянын администрациясынын демилгеси менен бир ставкадан төмөн кыскартылбайт.
· Өз жүрүш-турушуна, кийген кийимине олуттуу мамиле жасап, окуучуларга өрнөк болууга милдеттүү.
· Жаңы окуу жылынын башында окутуу жүгүн белгилөөдө, булл мектеп-гимназия негизги иш орду болуп саналган мугалимдер үчүн класстарда сабак өтүү өлчөмү жана окутууну улантуу сакталат.
· Мугалим окуучулардын билим сапатынын деңгээлине жана тарбиясына жоопкер.
· Мектеп-гимназия менен педагогикалыккызматкерлердин (мындан ары - мугалимдер) ортосундагы жумушка кабыл алуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин шарттары педагогикалык Кеңешме тарабынан даярдалат жана атайын конкурстун негизинде кабыл алынат. (5.18. пунктунда кеңири баяндалган)
5.21. Директордун буйругу менен мугалимдер арасында класс жетекчилер дайындалат. Класс жетекчилердин милдеттери:
· Бекитилген класстагы окуучулары менен тарбиялык иш алып барат;
· Окуучуларды эрежени сактоого үндөйт;
· Ата – энелер менен тыгыз байланышта болот;
· Өз убагында окуучуга жардам уюштурат;
· Класстын ишмердүүлүгүн тейлеген документацияны жүргүзөт;
· Иш-чараларды уюштурат. Мектеп-гимназиядан башка категориядагы кызматкерлеринин укуктары менен милдеттери тийиштүү типтеги дасыктык мунөздөмөлөрү жана Гимназиянын уставы менен аныкталат.
VI. Гимназияны башкаруу.
6.1. Мектеп-гимназияны башкаруу Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, ушул уставка жана мектеп-гимназиянын уставына ылайык демократиялык ачык айкындык, өз алдынчалык жана мамлекеттик кызматташтык принциптерине ылайык жүргүзүлөт.
6.2. Мектеп-гимназияны тең башкаруунун тариздери болуп жалпы чогулуш, педогогикалык кеңеш, камкордук кеңеш, ата энелерк омитети, окуучулардын өз алдынча башкаруулары жана башка кеңештер эсептелинет.
6.2.1. Педагокикалык кеңеш төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алат:
· Мугалимдин эмгегин баалоо;
· Окуу жүктөмүн бөлүштүрүү;
· Педагогикалык кадрларды жайгаштыруу,
· Мугалимдерди аттестациялоо;
· Уставды кабыл алуу жана анны бекитүүгө сунуш берүү;
· Сабактантышкаркыкружоктордуачуу;
· Экзаменге киргизүү, класстан-класскакоторуу;
· Документтерди берүү;
· Мугалимдерди сыйлоо;
· Усулдук иштерди бекитүү;
· Мектеп-гимназиянын жылдык планын бекитүү;
· Класс жетекчилерди жана кабинет жетекчилерин, усулдук бирикме жетекчилерин бекитүү;
· Педагогикалык кызматкерлерди (мындан ары - мугалимдер) жумушка кабыл алуу жөнүндө келишимдин шарттарын иштеп чыгат.
6.2.2. Кайрымдуу ата-энелер жана жергиликтүү фонддор менен иш алып баруу:
· Мектеп-гимназиянын материалдык-техникалыкбазасынчыңдоо;
· Мектеп-гимназиянын айлана чөйрөсүн тартипке келтирүү;
· Ондоп-түзөө иштерине көмөктөшүү;
· Олимпиада, конкурс, конференцияларды уюштуруу.
· Жетим, жарымжетим, аз камсыз болгон үй-булөлөрдүн балдарына жардам берүү.
· Мектеп-гимназия менен тыгыз байланышта болуу;
· Атаэнелерконференциясын, чогулушун уюштуруу;
· Тарбиялоого оор окуучулардын ата-энелери, үй-бүлөсү менен иш алып баруу;
· Ата-энелерден түзүлгөн атайын комиссия жумшалган акча каражатын тейлейт;
· Окуу-тарбия иштерин уюштурууга көмөктөшүү;
· Мектеп-гимназиянын муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшүү Мектеп-гимназия тең башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окуу жылынын башында аныкталат.
6.3. Мектеп-гимназияда түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат. Республикалык бюджеттен каржыланган мектеп-гимназиянын директору билим берүүнүн мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат. Мектеп-гимназиянын директору Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматка дайындалат, которулат жана ээлеген кызматынан бошотулат. Директордук кызматка пенсия жашынан өтпөгөн, жогорку педогогикалык стажы бар, КРнын билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын, психологияны, менеждментти жана билим берүүнү каржылоону, мектеп-гимназияда билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттардын жана коомдук уюмдардын укуктарын жана милдеттерин билген Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат. Директордун орун басарын жана материалдык жоопкерчиликтүү кызматкерди кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу мектеп-гимназия директорунун сунуштамасы боюнча билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органы тарабынан жүргүзүлөт. Педагогикалык жана башка кызматкерлерди жумушка алууну жана кызматтан бошотууну мектеп-гимназиянын директору Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жүргүзөт. Мектеп-гимназиянын директору ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) мамлекеттин жана коомдун алдында өзүнүн кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана мектепгимназиянын уставына ылайык жекече түрдө жооп тартат.
6.4. Директор:
· Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдын жалпы орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларын сактап, ишке ашырат.
· Регионду коргандын макулдугу боюнча педогогикалык кеңеш менен бирдикте мектеп-гимназиянын негизги өнүгүү багыттарын аныктап ишке ашырат.
· Жарандардын жалпы орто билим алуузарылчылыктарын канаатандырат;
· Администрациялык аткаруу органдарында жана башка мекемелерде мектепгимназиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын көздөйт жана коргойт.
· Мугалимдерди жана техникалык персоналдарды тандоону жана жайгаштырууну жүргүзөт, педогогикалык кеңештинишин жетектейт.
· Билим берүүнү мамлекетик башкаруунун тийиштүү региондук органы менен макулдашылган окуу планын мугалимдер менен бирдикте жүзөгө ашырат.
· Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги мектеп-гимназия программаларынын чегинде окуучулардын билимдеринин жеткиликтүүлүгүн жана сапаттуулугун камсыз кылат.
· Класстан тышкаркы иштердин мазмуну аркылуу окуучуларды тарбиялоо ишин камсыздайт жана көзөмөлдөйт;
· Мугалимдердин дасыктарын жогорулатууга жана алардын кесиптик өсүшүнө шарттарды түзөт, ошондой эле алардын аттестациясын өткөрөт.
· Билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин тапшырууну уюштурат жана аларды даярдоо үчүн бүтүрүүчүлөр жөнүндө тапшырылуучу маалыматтын тактыгын камсыздайт жана жооп тартат.
· Балалыкты коргоо, жеткинчектердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча талаптарды көзөмөлдөйт жана сактайт;
· Мектеп-гимназиянын каржылык-чарбачылык ишин жетектейт жана көзөмөлдөйт.
· Гранттардын жана инвеститциялардын, ата-энелердин өз эрки менен тапшырган төлөмдөрүн, анын ичинде кошумча билим берүү кызматынан түшкөн кирешелерди да, натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөйт жана жекече турдө жооп берет.
· Мектеп-гимназия материалдык, техникалык базасын эсепке алуу жана сактоо, техникалык коопсуздугун жана санитардык тазалык режимин сактоо, окуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жооптуу болот жана алар үчүн жооп тартат.
· Жетектеген мектеп-гимназияда өрткө каршы коопсуздук боюнча ошондой эле окууучурунда окуучулардын жана кызматкерлердин өмүрлөрүнө жана ден соолуктарына коркунуч келтирген же алардын өлүмүнө алып келген учурлардын татаалдыгына жана күнөөсүнүн деңгээлине жарашаКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигин жекече түрдө тартат.
· Кызматтык милдеттерге мектеп-гимназиянын уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына башка да милдеттерди аткарат. VII. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар.
7.1. Мектеп-гимназиянын каржылоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
7.2. Мектеп-гимназияны каржылоонун негизги булагы болуп:
· Мамлекеттик мектеп-гимназиялар үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
· уюмдаштыруучу катары жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;
· Мектеп-гимназиянын менчик каражаттары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган киреше киргизүүчү башка иштерден (мисалы, спорт залды, жыйындар залын, иш чаралар үчүн кааналарды ижарага берүү), ошондой эле бюджеттен тышкаркы билим берүү ишинин негизги жана кошумча билим берүү программаларынын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн валюта каражаттары;
· Депозиттик салымдардан түшкөн кирешелери;
· Жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары, башка жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу соопчулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
· Мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик каржылоо имараттарды, курулма, жер участкаларын, жабдууларды берүү, билим берүү уюмдары сарптаган чыгымдын ордун толтуруу, энчилүү жана башка формада стипендияларды, жеңилдик берүү түрүндө ишке ашырыла тургандар;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген дагы башка булактар эсептелет.
· Мектеп-гимназиянын мүлкүн негизги жана алмашуу каражаттары, ошондой ага оперативдүү башкаруу укугу менен бекитилген жана гимназиянын балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
VIII.Эл аралык кызматташтык.
8.1. Мектеп-гимназия Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында аныкталган тартипте чет өлкөлүк ишканалар (мекемелер, уюмдар) менен түз байланыш түзүүгө жана банк мекемелеринде валюталык эсептерин ачууга укуктуу. IX. Мектеп-гимназияны жоюу жана өзгөртүп уюштуруу.
9.1. Окуу жылынын аягында мектеп-гимназия жоюлса же өзгөртүп уюштурулса билим берүү мамлекеттик башкаруунун тийиштүү региондук органы окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашьп, аларды башка Мектеп-гимназияга (мектепке) которуу боюнча жоопкерчилигин өзүнө алат.
9.2. Мектеп-гимназиянын жоюлушу жана өзгөртүп уюштурулушу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлдүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Жоопту катчы | Ж.Алдашова |