Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 49
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү “Ынтымак” кайрымдуулук фондуна тиешелүү болгон жеке менчик 1428 м2 өлчөмүндөгү жеке турак жай багытындагы жер аянты С-1 (Саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият жана спорт аянттары зонасы) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пункуттун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-марттагы №02-6/49 катыны, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталынын К.Турмаматов көчөсүндөгү “Ынтымак” кайрымдуулук фондуна тиешелүү болгон жеке менчик 1428 м2 өлчөмүндөгү жер аянты С-1 (Саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият жана спорт аянттары зонасы) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. “Ынтымак” кайрымдуулук фондунун жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |