Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 51
Баткен шаарынын С.Айтматов көчөсүнүн тургуну Кочкоров Калмат Жанибековичтин жеке менчик 1200м2 Ж-1 (турак жай багытындагы) жер аянтын, Ц-1 шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана ММДинин 2023-жылдын 29- июндагы №02-16/143 катына, шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2023- жылдын 15-майындагы №127 кортундусуна, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын С.Айтматов көчөсүнүн тургуну Кочкоров Калмат Жанибековичтин жеке менчик Ж-1 (турак жай багытындагы) 1200м2 жер аянты, Ц-1 шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кочкоров К.Ж менчик жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |