Редакцияот 24.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 24-августундагы № 52

 

Баткен шаарынын тургуну Абдикаримова Саламат Закировнанын М.Нургазыев көчөсүндөгү 61,1м2 жеке менчик “Өндүрүштүк багыттагы” жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты багытына”өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана шаар мэриясынын 2023-жылдын 18-июлундагы №А-565 катына, шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2023- жылдын 28-январындагы №05-1/112 кортундусуна, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын тургуну Абдикаримова Саламат Закировнанын М.Нургазыев көчөсүндөгү 61,1м2 жеке менчик “Өндүрүштүк багыттагы” жер аянты Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты багытына” өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Абдикаримова С.З менчик жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов