БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын
2023-жылдын 24-августундагы № 53
Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Сарай-Башы участкасындагы Мурзалиев Матмусанын 0,30 га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы” жер аянты, “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 11-июлундагы №02-6/377 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №01-13/2831 бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Сарай-Башы участкасындагы Мурзалиев Матмусанын 0,30га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы ” жер аянты, “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” которууга макулдук берилсин.
2. М.Мурзалиевдин жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |