Редакцияот 24.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын

 

2023-жылдын 24-августундагы № 55

 

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Тамаша-Жай участкасындагы Кошматов Турдубайдын 1,80 га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы” жер аянтын, “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” жана “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 31-июлундагы №02-6/417 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 27-июлундагы №01-13/3662 бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуниналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:

 

1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Тамаша-Жай участкасындагы Кошматов Турдубайдын 1,80га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы” жер аянтын, 1,0 га бөлүгү “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” жана 0,8га бөлүгү“Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.

2. Т.Кошматовдун жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов