Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 56
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Тамаша-Жай участкасындагы Атабаева Саламаткандын 0,23 га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы” жер аянтын, “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 31-июлундагы №02-6/418 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2023-жылдын 27-июлундагы №01-13/3661 бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Тамаша-Жай участкасындагы Атабаева Саламаткандын 0,23га өзү өздөштүргөн “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясындагы” жер аянтын, “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берилсин.
2. С.Атабаеванын жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |