БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын
2023-жылдын 24-августундагы № 57
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Төө-Таш участкасындагы Атабаев Абдыкайымдын өзү өздөштүргөн 4,0 га таштуу жайыт багытындгы жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер ” категориясынан “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкару у органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндө №145Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 31-июлундагы №02-6/419 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2021-жылдын 9-мартындагы №01-18/351 бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Төө-Таш участкасындагы Атабаев Абдыкайымдын өзү өздөштүргөн 4,0 га таштуу жайыт багытындгы жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер ” категориясынан “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берилсин.
2. А.Атабаевдин жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |