Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 58
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Э.Калыков көчөсүндөгү башкы планга ылайык социалдык курулуштарга калтырылган жер аянтын ээлеп турган жер аянтынын өлчөмдөрүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-июлундагы №02-6/423 катына жана шаар куруу архитектурасынын чиймесине, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АТОсунун Э.Калыков көчөсүндөгү башкы планга ылайык социалдык курулуштардын соода сатык үчүн бекитилген 20х50 метр аралык, 29,5х34 метрге батыш, чыгышка карай узартууга макулдук берилсин
2. Муниципалдык жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |