Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 59
Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун аймагындагы Айдаров Майрамбек Бакировичтин өзү өздөштүргөн 3,0 га таштуу жайыт багытындгы жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер ” категориясынан “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна, 12-беренесине жана Баткен шаарынын ММД 2023-жылдын 9-августундагы №02-6/452 катына, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2014-жылдагы бүтүмүнүн, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун аймагындагы Айдаров Майрамбек Бакировичтин өзү өздөштүргөн 3,0га таштуу жайыт багытындагы жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер ” категориясынан “Көп жылдык бак дарактар түрүнө” багытына которууга макулдук берилсин.
2. М.Б.Айдаровдун жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Амиров М/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |