Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 61
Баткен шаардык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Максытов Кубатбекке Кыргыз Республикасынын Эгемендүлүгүнүн 32 жылдыгынын урматына, Баткен шаарынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 40-беренесинин 9-пунктуна, 2022-жылдын 29-декабрындагы Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын №69 сессиясы менен бекитилген “Шаардын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун жаңы редакциясына кабыл алуу жөнүндө” токтомуна, Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаардык Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Максытов Кубатбекке Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгынын урматына карата, көп жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы үзүрлүү эмгеги үчүн Баткен шаарынын “АРДАКТУУ АТУУЛУ” наамы ыйгарылсын.
2. Максытов К Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылгандыгы жалпыга шаардык расмий сайт аркылуу жарыялансын
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, коопсуздук, наамдарды, ысымдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына / Г.Артыкбаев/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |