Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 62
Баткен шаарынын борбордук “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу бактарынын (парктарын) АРИС уюму тарабынан реконструкциялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 1;5 беренелерине, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 4-августундагы №01-13/1895 катынын жана Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнч туруктуу комиссиясынын Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын борбордук “Жаштык” жана “Жеңиш” эс алуу бактарынын (парктарын) АРИСуюму тарабынан реконструкциялоого макулдук берилсин.
2. Парктардын реконструкциялоо иштери долбоордун талаптарына ылайык жасалуусун көзөмөлдөө жана жоопкерчилик жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |