БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Баткен шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын
2023-жылдын 24-августундагы № 63
Баткен шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүнүн түндүк-батыш тарабындагы КБФнын 1,0 га (айыл чарба багытындагы) жер аянтына муниципалдык автобаза куруу үчүн жер аянтынын багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 1;5 беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 Мыйзамына Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүнүн түндүк-батыш тарабындагы КБФнын 1,0 га(айыл чарба багытындагы) жер аянтына муниципалдык автобаза куруу үчүн жер аянтынын багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү жер аянтынын багытын которууга (трансформациялоого) тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизилүү үчүн облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |