Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 64
Баткен шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган иш чарасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №101 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 1-августундагы №01-13/1858 катынын жана шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу Баткен шаарын өнүктүрүүгө багытталган иш чарасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин. (иш чара тиркелет)
2. 2024-жылга долбоорлонгон шаардык жергиликтүү бюджет шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Мадымаровго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |
|
| Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын № 64 токтомуна №1 тиркеме |
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу 2023- жыл ичинде өзгөртүгө багытталган Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга иш-чарасы
1. 3111 статьясынан каралган Мэриянын имаратынын учурдагы оңдоп түзөөгө каралган 1 500 000 сомду, Баткен райондук прокуратурасынын имаратын оңдоп түзөөгө каралган 1 250 000 сомду, муниципалдык мал базарды курууга каралган 22 811 407 сомдон үнөмдөлгөн 12 220 000 сомду жалпы суммасы 14 970 000 сомду кыскартып төмөнкү кошумча иш чараларга киргизүү.
1. Чет Булак кварталына Резервуар курууга 3 000 000 сом (3111)
2. Чет Булак кварталындагы ЛЭПти жылдырууга 1 000 000 сом (2215)
3. К.Турмаматов көпүрөөсүнө оңдоп түзөөгө өздүк салым 3 000 000 сом (3111)
4. Баткен шаарынынын көчөлөрүнө астановка курууга 1 750 000 сом (3111)
5. Мэрияга тамбур курууга 1 528 327сом (3111)
6. Сайдиман Ажи көч. Тротуар куруугуа 1 000 000 сом (3111)
7. Баннер 1/1=100даана х 1000 сомдон 100 000 сом (2215)
8. Салихов менен Сайдиман Ажи көч. кесилишине труба жаткырууга 120 000 сом (3112)
9. Жаштык паркына бардюр орнотууга 2 0 000 сом (2215)
10. Базар Башы кварталындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөө 100 000 сом (3112)
11. От казанга насостун моторуна 30 000 сом (3112)
12. Булак-Башы кварталына Өрүкзар көчөсүнө сугат суу өткөрүү үчүн труба сатып алуу 50 000 сом. (3112)
13. Ажаткана (туалет) 2 очколуу 171 673 сом (3111)
14. Булак-Башы, Токтогул олуяга таза суу трубаларын сатып алуу 2 000 000 сом (3112)
15. Столба краскалоого 100 000 сом (2215)
16. Жаңы жылдык балаты сатып алууга 1 000 000 сом (3112)
2215 стаьясынан 1 220 000 сом
3111 статьясынан 10 450 000 сом
3112 статьясынан 3 300 000 сом
Суммасы 14 970 000 сом
Ал эми кошумча түшүүчү кирешелердин эсебинен Жаштар үйүнө 8 000 000 сом жана 8 март көчөсүнө агын суу ноолорун орнотууг 500 000 сом.(3111)
3111 статьясынан 8 500 000 сом
Суммасы 3 500 000 сом.
Жалпы суммасы 23 470 000 сом.
Мэр | И.Бурканов |
Мэрдин биринчи орун басары | А.Орозов |